Садыр Жапаров 23-августту Аза күтүү күнү деп жарыялады

Өлкө башчы кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы колго алынарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ульяновскидеги жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров кайрылуу жасап, 23-августту Аза күтүү күнү деп жарыялады.
Президенттин кайрылуусунун текстин өзгөртүүсүз беребиз:
Россиянын Ульяновск облусунда болгон суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз.
Өзгөчө кырсыкка кабылгандардын жакындары үчүн өтө оор болуп жатканын жан дүйнөм менен сезип турам. Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баарыңыздардын кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен Жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам. Ыйык Кураныбызда "Аллахым сабырдууларды сүйөт" деп айтылат. Кайраттуу болуп, сабыр кылалы, мекендештерим! Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот.
Бул кырсыкты жалпы элибиздин кайгысы катары кабыл алуу менен 23-августту Кыргызстандын аймагында жалпы Аза күтүү күнү деп жарыялайм.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган. Кырсыктан жабыркаган үч адам дагы кыргыз жарандары экени аныкталды.
Кырчын өмүрлөр... Ульяновскиде набыт болгон кыргызстандыктардын жаш курагы