Жапаров РФте автокырсыктан көз жумгандардын сөөгүн алып келүү боюнча тапшырма берди

Маркумдарды Кыргызстанга алып келүү боюнча ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропорту иш алып бармай болду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын Ульяновск облусундагы автокырсыктан каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске алсак, бүгүн Россиянын Ульяновск облусунун Николаев районундагы М-5 Урал трассасындагы жол кырсыктан Кыргызстандын 14 жараны каза тапты.

“Президент Жапаров ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропортуна Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Көз жумгандардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, — деп билдирди президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

РФтеги Кыргызстандын элчилиги, консулдуктун кызматкерлери учурда Ульяновскиде жүргөндүгүн билдирди. Элчилик каза тапкан, жарадар болгон кыргызстандыктардын жакындары үчүн +7 (926) 861 50 98 номерлүү түз байланыш телефонун уюштурду.
ТИМде да түз байланышуу үчүн +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) телефон номерлери ачылды.
Ал эми бул кырсык боюнча Россиянын Тергөө кызматы иш козгогону кабарланды.
14 кыргызстандыктын өмүрүн алган трагедиядан кийинки видео жана кайрылуу