БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Россия күчтүү жана көз карандысыз держава катары дүйнөлүк аренада өзүнүн түпкү кызыкчылыктарына жооп берген саясатты гана жүргүзөт. Тышкы буйруктарга жол бербей өз каалоосу менен жашоо — орустардын генетикалык кодунун бир бөлүгү. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик туу күнүнө карата кайрылуусунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия — кубаттуу, көз карандысыз дүйнөлүк держава. Биз эл аралык аренада өзүбүздүн кызыкчылыктарды гана көздөйбүз. Биздин желек үч кылымдан ашык убакыт мурда Россия аскер кемесинде көтөрүлгөн", — деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле ал үч түстүү туу мамлекеттүүлүктүн ажырагыс бөлүгү, элдин биримдигинин, улуттук кызыкчылыктарды коргоонун символу экенин экенин кошумчалады.
"Мамлекеттик туу жеңиш туусу сыяктуу өсүп келе жаткан муундарды патриоттуулукка, мекендин келечеги үчүн жоопкерчиликке тарбиялоодо", — деди ал.
Путин Россиянын желеги өлкөнүн жарандарынын бардык муундары үчүн түбөлүктүү ыйык символ болуп каларына, аларды эрдикке, эмгекке, илимде, маданиятта жана спортто жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырарына ишенерин билдирди.