ӨКМ: Ульяновскиде кырсыктан көз жумган кыргызстандыктардын сөөгү эртең алып келинет

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыктан көз жумган мекендештердин сөөгү эртең Кыргызстанга алып келинет. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кабарда Ульяновск шаарына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев барары айтылган.

"Россияда кырсыктан каза тапкан 14 мекендешибиздин сөөгүн алып келүү үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган атайын топ 23-август күнү Ош шаарынан эртең менен саат 9:10до учат. Куткаруучулардан турган атайын топ Ульяновск убактысы боюнча саат 10:40та аталган шаардын аэропортуна конот. Саат 12:10до мекендештердин сөөгүн алып, Кыргызстанга учуп чыгат", — деп айтылган маалыматта.

Ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча саат 17:40 чамасында каза болгон жарандардын сөөгү Ош шаарынын аэропортуна алып келинмекчи.
"Ошондой эле ал жактан мекендештерибиздин сөөгүн кичи мекенине чейин жеткирүү милдети да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн", — деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч мекендеш оор абалда ооруканада жатат. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган.
Жылыш бар. Элчилик Ульяновскиде жабыркагандардын абалын айтты. Видео