БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Нарын шаарында мыйзамсыз токтотулган унааларды айып короого алып келүүчү эвакуатор сатып алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Эвакуатор жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 миллион 950 миң сомго алынып, шаардык транспорт ишканасына өткөрүп берилген.
26-августтан баштап шаардык Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте шаар аймагында туура эмес жерге коюлган унааларды айып короого жүктөп кетет.
Нарын мэриясы мыйзамсыз токтотулган унааларды тазалоо иштери алгач шаардагы борбордук базардын аймагында жүргүзүлөрүн эскертти.
Аны менен катар жол эрежелери тууралуу тийиштүү белгилер орнотулуп, “Соң-Көл” жаштар сарайынын артына атайын унаа токтотуучу жер даярдалганы айтылды.