Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бошотулган Мелитополдо Россиянын мамлекеттик туу күнүн белгилешти

Салтанатка шаар бийлигинин, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Мелитополь шаарында Россия Федерациясынын туу күнү майрамдалып, мамлекеттик символиканы көтөрүштү.
Бул окуянын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналына жарыялады.
Маалыматта Запорожье облусундагы бул даталуу күн биринчи ирет белгиленип жатканы кабарланды. Салтанатка шаар бийлигинин, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, калаа тургундары катышып, Россиянын мамлекеттик гимни жаңырды.
Мамлекеттик туу күнү Россияда 1994-жылдын 22-августунан бери белгиленип келе жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын туусуна боёлуп. Северодонецкиден тартылган видео