Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев Европада газдын баасы дагы көтөрүлөрүн божомолдоду

Саясатчынын айтымында, жыл соңуна чейин газдын баасы 3-4 миң долларга чейин жогорулашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев газдын баасы 2 800 долларга чыгып кетиши боюнча комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ооба, газдын миң куб метри 2 800 долларга чыкты. Европа катуу үнөмдөө режимине өтүшү керек. Жылдын аягында баа кандай болот? Балким, үч же төрт миң доллар болор. Кимиңер көбүрөөк төлөй аласыңар, мырзалар?" — деп жазды ал өзүнүн Telegram каналында.

Эске салсак, Германияда алдыдагы кышта энергетикалык кризис болжолдонууда. Буга өлкөнүн Россия газынан баш тартышы себеп болууда. Экономика министри Роберт Хабек жана Федералдык электр тармактар агенттигинин башчысы Клаус Мюллер өлкө жарандарын электр энергиясын керектөөнү азайтууга үндөшкөн.
Ал эми канцлер Олаф Шольц Канадага болгон иш сапарынын алкагында газ менен камсыздоо маселесин талкуулай турганын айткан. Ошондой эле энергетикалык кризистин айынан нааразылык акциялары болбошу керектигин эскертүүдө.
Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция башталган соң Европа Россиянын энергетика булактарынан баш тартууну чечкен. Эмбарго деңиз аркылуу ташып келүүлөргө жана түтүктөргө салынган. РФтен нефть импорттоого салынган тыюу декабрдын башына чейин, ал эми мунай заттарына 2023-жылдын февралына чейин киргизилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц: Путинге Украина дагы 30 жылга чейин НАТОго кабыл алынбайт деп айткам