БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. 15-августтан 22-августка чейин Кыргызстанда коронавирустун 339 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, илдет илештиргендердин 297си медициналык жардамды үйдөн алса, 42 бейтап ооруканага жаткырылган.
Жыл жаңыргандан бери өлкөдө жалпысынан коронавирустун 20 789 учуру аныкталган.