БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ушул жылдын январынан июнь айына чейин Кыргызстандын банктары 8 миллиард сом пайда көрүштү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында жазылган.
Эске салсак, былтыр 20 банктын пайдасы 4 миллиард 89 миллион сом болгон. Үч банк 69 миллион сом өлчөмүндө зыян тарткан.
Маалым болгондой, өлкөдө жалпысынан 23 банк бар. Алардын бардыгы биринчи жарым жылдыкты чыгымы жок жапкан. Жалпысынан алар 8 миллиард 325,7 миллион сом табышкан. Дагы беш банктын лицензиясы кайтарып алынып, учурда жоюлганы турат. Алардын бири 0,5 миллион сом чыгым тартса, үчөө (159,6 миллион сом) пайда көргөн. Азырынча бир финансы-кредиттик мекеме боюнча маалымат жок.