Бейшеналиев: 12 жылдык окууга өтүү кеңешилип, саясий колдоо тапты

Мындай шартта, тескерисинче, 1022 сааттык жүктөмдөрдү 854кө чейин түшүрүү пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстан баары бир 12 жылдык окууга өтүшү керек. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев август кеңешмесинин секциялык жыйынында билдирди.

“Баары кеңешилип, саясий колдоо тапкандан кийин ал маселени алдыңыздарга алып чыктым. 12 жылдык билим берүүгө барабыз, бирок муну туура түшүндүрүшүңүздөр керек. Биз бир жыл кошуп жаткан жокпуз, союз убагынан калып калган нөлүнчү классты бир деп атоо менен 12 жыл окутабыз. Тескерисинче, 1022 сааттык жүктөмдү 854 саатка чейин түшүрөбүз. Кээ бир мугалимдер саатым кыскарат деп ойлошу мүмкүн, бирок биз балдардын аманат убактысын текке кетирбешибиз керек”, — деди Бейшеналиев.

Миинстр бир өзгөчөлүгү катары окуучу спорттун же маданияттын бир түрүн өздөштүрүп чыгышы керек деген колорит киргизилерин айтты.
Радио
Иманкулов: диндердин өнүгүү тарыхы сабагын быйыл 9-класстар гана окуйт