Өкмөт "Кара-Балта спирт заводун" модернизациялоону көздөп жатат

Өкмөт башчысы жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмү боюнча маалыматты укту.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жапаров Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан бул ишканага барып, жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмү боюнча маалыматты уккан.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алууну тапшырды

2 / 5

Жапаров Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан бул ишканага барып, жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмү боюнча маалыматты уккан

3 / 5

Андан соң ал тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканалардын жетекчилигине заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, ошол эле учурда уникалдуу адистердин эмгек акысын эсептөө коэффициентин карап чыгуу тапшырылды

4 / 5

Мындан тышкары, заводдун продукциясын келечекте экспорттоо маселелери талкууланды

5 / 5

"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы

"Ишкананын лабораториясынын иши кынтыксыз болуп, "люкс" класстагы продукциянын сапаты боюнча чыгарган корутундусунан эч ким кемчилик таппашы керек. Ошондой эле ишкананы алдыңкы технологияларга ылайык модернизациялап, толук өндүрүш цикли бар заманбап заводго айландыруу зарыл", — деди Жапаров.

Андан соң ал тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканалардын жетекчилигине заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, ошол эле учурда уникалдуу адистердин эмгек акысын эсептөө коэффициентин карап чыгуу тапшырылды.
Мындан тышкары, заводдун продукциясын келечекте экспорттоо маселелери талкууланды.
"Асман", "Бишкек сити". Жапаров ири долбоорлордун курулушу боюнча жыйын өттү