"Келемиш, таракандардын көбөйүп кетиши адамдар үчүн өтө кооптуу. Себеби келемиштер адамга кутурма, дизентерия, сальмонеллез илдеттерин, курт-кумурскалар вирустардын жана инфекциялардын бардык түрүн таратат. Азыр базарларда келемиштер күндүз деле ары-бери чуркап жүрүшөт. Бул өз убагында тазалабагандын жана дезинфекциялоо иштерин системалуу жүргүзбөгөндүн кесепети. Биздин кызматкерлер базарлардагы павильондорго, дүкөндөргө барып иш алып барышууда. Дератизация үчүн уулуу заттарды колдонуу менен өзүбүз жем даярдайбыз. Биз жемди койгондон кийин 2-3-күндөн соң гана алгачкы жыйынтыктарды көрө баштайбыз. Себеби келемиштердин бирөө ууну жеп өлүп калса, экинчиси аны жебей коет. Кемирүүчүлөр биз даярдаган жемди жегенде уу организмге сиңип, кан тамыр системасы бузулат да, кемирүүчүнүн мээси, бооруна кан куюлуп өлөт. Ал эми дератизация жана дезинсекция жасоочу жеке компания же дезинфектологдордон кандай уулуу зат колдонуп жатканын сурап, алардын коопсуздугу тууралуу маалымат алып коюу керек", — деди Мамбетова.