Пиво эркектер менен аялдарга эки башка таасир этери маалым болду

Дарыгердин айтымында, пиво эркектерге дээрлик терс таасирин тийгизет. Ал эми аялдарга бул алкоголдук суусундуктун пайдасы да, зыяны да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Пиво айрым учурда аялдардын айызына чейинки синдромдорун жеңилдетүүгө жардам берет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна дарыгер-диетолог Ольга Перевалова айтып берди.
Дарыгер пиво эркектерге дээрлик терс таасир этерин белгилеген. Ал эми аялдарга бул алкоголдук суусундук пайдасын да, зыянын да тийгизе турганын айткан.
"Пиво аялдарга айызга чейинки синдромдорун жеңилдетүүгө жардам берет. Суусундуктун курамындагы фитоэстроген аялдарга тиешелүү гормондорду тең салмакта кармайт. Анткени айыз учурунда гормондор өзгөрө турганы маалым", — деген адис.
Ошол эле учурда дарыгер аялдарга пивону ашыкча ичпөөнү эскертти. Алкоголь салмак коштуруп, ичеги-карындын микрофлорасына зыянын тийгизет жана эң кооптуусу, ичимдикке берилип кетүүнү шарттайт.
"Адатта пиво ичкен айымдар толук келет. Алардын ичеги-карынында дайыма пивону талап кылган флора да калыптанып калат. Ушунун айынан көпчүлүк алкоголдун бул түрүн таштай албай калат", — деди Перевалова.
Ошондой эле адис ичимдик аялдын сырткы келбетин да бузарын, денеде бир гана ашыкча салмак эмес, шишик, теринин өңүнүн саргайышы байкалып каларын кошумчалады.
Кардиолог: сасык тумоо, ичимдик жүрөктүн иштөө ыргагын бузат