Бишкекте Россиянын туу, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата турнир өттү

Байгелүү орундарды ээлеген командалар медалга ээ болсо, жеңүүчүлөргө эстелик кубок тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Борбор калаада Россиянын туу, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата мини-футбол боюнча турнир өттү. Бул туурасында Бишкектеги "Русский дом" кабарлады.
1 / 6

Борбор калаада Россиянын туу, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата мини-футбол боюнча турнир өттү

2 / 6

Турнир борбор калаада "Дордой" футбол клубунун базасында болду

3 / 6

Оюн талаасына 2007-2008-жылдары төрөлгөн оюнчулардан турган алты команда чыкты

4 / 6

Алар тайпалык турнирдин алкагында эки беттеш өткөрүп, андан соң 5, 3-орундар жана финал үчүн таймаш болду

5 / 6

Мыкты команда наамын "Дордой" футбол клубунун 2007-жылы туулган оюнчулардан турган команда ээледи

6 / 6

Турнирди Бишкектеги "Русский дом", Кыргызстандагы "Российское землячество" уюмдары жана "Дордой" футбол клубу уюштурган.

"Биздин турнир Россиянын туу, Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө арналды. Бул даталуу күндөр эркиндикти, көз карандысыздыкты, күчтү жана биздин элдердин достугун көрсөтүп турат. Мыкты футболчулар күзүндө Москвада өтчү Жаш мекендештердин дүйнөлүк оюндарына барат. Сиздер Кыргызстандын намысын татыктуу коргойсуздар деп ишенем", — деген турнирдин катышуучуларына Бишкектеги "Русский дом" уюмунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Альберт Зульхарнеев.

Турнир борбор калаада "Дордой" футбол клубунун базасында болду. Оюн талаасына 2007-2008-жылдары төрөлгөн оюнчулардан турган алты команда чыкты. Алар тайпалык турнирдин алкагында эки беттеш өткөрүп, андан соң 5, 3-орундар жана финал үчүн таймаш болду. Мыкты команда наамын "Дордой" футбол клубунун 2007-жылы туулган оюнчулардан турган команда ээледи.
"Бүгүн жакшы оюн болду. Эмгектенгиле, жакшы окугула жана машыктыруучулардын тилин уккула. Силерди келечекте чоңдор ойногон футболдогу карьера күтүп турат. Ага жасалган биринчи кадам Москвадагы турнир болуп эсептелет", — деген Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Борис Подкорытов.
Турнирди Бишкектеги "Русский дом", Кыргызстандагы "Российское землячество" уюмдары жана "Дордой" футбол клубу уюштурган. Байгелүү орундарды ээлеген командалар медалга ээ болсо, жеңүүчүлөргө эстелик кубок тапшырылды. Мындан сырткары, үч мыкты оюнчуга жеке байгелер тапшырылды.
Кыргызстандын курама командасы Жаш мекендештердин дүйнөлүк оюндарынын чемпиону болуп эсептелет.
Кыргызстандык кыз Крымга барып Путин менен баарлашты. Видео