Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт

Мэрия шаардыктар менен мекеме-уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала белендеп алууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. 23-августта Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчөрүн Бишкек мэриясынын маалымат кызматы эскертти.
"Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы билдиргендей, саат 10:00дөн 21:00гө чейин Кара-Жыгач конушу, Валиханов көчөсү, 1 дарегиндеги жатакана, Анкара көчөсүндөгү "Ихлас" курулуш компаниясынын жаңы үйлөрү, №93 кесиптик лицейинде ичүүчү суу болбойт.
Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаардыктардан, мекеме-уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала белендеп алууну өтүндү.
Милиция: Бишкек мэриясы мектептердин жанына 100дөн ашык белги орнотушу керек