Апта ичинде Баткенде күтүлгөн аба ырайы

Абанын температурасы 31...33 градуска чейин ысык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Апта ичинде Баткендин тоолуу жерлерине жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Ага ылайык, жалпысынан бул жумада Баткенде күн жылуу болуп жаан-чачын күтүлбөйт. 22-августта гана күндүз тоо этектегинде өткүн өтүшү ыктымал.
Абанын температурасы 31...33 градуска чейин ысык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-25-августта күндүз кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Жайдын соңку күндөрү кандай болот? Келе жаткан аптага аба ырайы