АКШ серепчиси: Байдендин өзү билемдиги өлкөнүн кадыр-баркына доо кетирүүдө

Баяндамачы Байдендин иш-аракеттери конгресс лидерлери, аскер эксперттери, чалгындоо адистери берген кеңештерге таптакыр каршы келип жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин бир тараптуу иш-аракеттерге ыктап, профессионалдардын ой-пикирин эске албаганы Америкага коркунуч туудуруп, тышкы саясатты бүлүндүрө баштады. Бул тууралуу РИА Новости American Thinker басылмасына таянып кабарлады.
Макаланын серепчиси Жек Макферрин белгилегендей, өткөн жылы америкалык аскерлерди Афганистандан тез арада чыгарып кетери менен өкмөтүнүн кулашы Байдендин бир тараптуу аракеттерге ыктаганынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.

"АКШ башчысынын Афганистанга байланыштуу чечимдери тышкы саясаттагы коркунучтуу кадамы болгон. Ал эч кимге кеңешпей өз билгенин кылып, жыйынтыгында Американын стратегиялык кызыкчылыктарына жана эл аралык аренадагы кадыр-баркына көө жапты", — деген Макферрин.

Серепчи Байдендин иш-аракеттери конгресс лидерлери, аскер эксперттери, чалгындоо адистери, өкмөт өкүлдөрү, керек болсо эң жакын кеңешчилеринин айткандарына, кеңештерине каршы келип жатканын кошумчалаган.
Макферрин Байдендин Ак үйдө болушу АКШ үчүн кооптуу экенин айтып, президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин ал өлкөгө дагы бир топ зыян алып келерин кошумчалаган.
Америкалыктар жаңы жарандык согуш коркунучунан кооптонууда