БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору журөктүн тубаса кемтиги тууралуу маалымат берди. Анда дарт клапандардын бузулушунан улам тубаса болору жана ар кандай оорулардан улам өрчүй тургандыгы жазылган.
Дарыгерлердин айтымында, көпчүлүк учурда жүрөктүн тубаса кемтиги менен жабыркаган балдарга да, чоңдорго да хирургиялык кийлигишүү талап кылынат.
"Жүрөктүн тубаса кемтигин генетика, түйүлдүк кезде өнүгүүнүн бузулушу, инфекция жана эненин кош бойлуу кезинде алган жаракаты шарттайт. Мындай илдети бар адамдар дем алганда кыйналып, аритмия болуп, чарчап, денеси көгүш тартып, башы айлана берет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле илдет жабыркаган клапандын жайгашкан жерине жараша жеңил же оор болору белгиленди. Мисалы, жүрөктүн сол жагындагы клапан ооруларында (митралдык жана аорта) биринчи кезекте өпкө жабыркайт. Анткени кан жүгүрбөй дем кыстыгат. Мындан улам бейтаптын башы айланып, эсин жоготуп, стенокардия пайда болот.
Ал эми жүрөктүн оң клапандарынын иши бузулган учурда (трикуспид жана өпкө клапандары) жалпы кан айлануу начарлайт. Мында өпкөдөн башка бардык органдар жабыркап, бут шишип, боор чоңоюп кетет.
Дарыгерлер өз убагында адистерге кайрылуу менен ооруну алдын алууга болорун эскертишти.