UFC жылдызы Камару Усманды атаандашы эсин оодара тепти. Видео

Усман үчүн бул тогуз жылдан берки алгачкы жеңилүү болду. Жалпы карьерасында эки гана жолу утулган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону, теги нигериялык мушкер Камару Усман британиялык спортчу Леон Эдвардска жеңилип калды.
Чемпиондук наам үчүн кармаш бүгүн Американын Солт-Лейк-Сити шаарында болуп өттү. Мушкерлер анда реванш-кармаш көрсөттү. 2015-жылы болгон биринчи беттеште Усман калыстардын өзүнчө чечими менен жеңишин майрамдаган.
Бул ирет Эдвардс бешинчи раунддун аяккы мүнөттөрүндө Усманды хай-кик (буттун соккусу) менен нокаутка кетирген. Беттештин жүрүшүндө нигериялык мушкер упай жагынан алдыда келе жаткан, таамай сокку ал үчүн күтүүсүз болгон. Натыйжада Эдвардс UFC уюмунун жарым жеңил салмактагылар (77 кг) арасында жаңы чемпиону болгон.
Ал эми Усман үчүн бул тогуз жылдан берки алгачкы жеңилүү болду. Жалпы карьерасында эки гана жолу утулган. Эдвардс 20-жеңишин камсыздады, ал үч беттеште утулган.
Шевченко атаандашы Нуньес менен болчу беттеши тууралуу үн катты