Түркияда жүк ташуучу автоунаа 16 кишини тебелеп кетти. Үрөй учурган видео

Каза болгондордон сырткары 29 киши жаракат алган, анын сегизинин абалы оор экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Түркия менен Сириянын чек арасына жакын жайгашкан Мардин провинциясында оор жүк ташуучу автоунаа менен болгон жүрөк үшүн алган жол кырсык катталып, кеминде 16 адам каза болду.
Түркиянын TRT Haber басылмасынын маалыматында жүк ташуучу автоунаа алгач эки автокөлүктү койдуруп, андан кийин имараттын дубалын сүзүп токтогон. Кырсык болгон аймакта эл чогулуп турган.

"Мардин облусунун Дерик уездинде жүк ташуучу автоунаанын тормозу иштебей калып, барып элди сүзгөн. Кырсыктан 16 адам каза болду", — деп билдирген Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу.

Мындан сырткары, 29 киши жаракат алган, анын сегизинин абалы оор экени айтылды.
Өзгөндөгү үрөй учурган кырсыктан 13 адам жабыркады, сегизинин абалы оор. Сүрөт