Россиянын Ульяновск облусундагы автокырсыктан 14 кыргызстандык көз жумду

Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу айдап келе жаткан фураны токтото албай калып, оңдолуп жаткан жолдо өтүү үчүн кезегин күтүп токтоп турган микроавтобусту сүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Россиянын Ульяновск облусунун Николаевск районундагы М-5 "Урал" трассасындагы жол кырсыктан Кыргызстандын 14 жараны каза тапты. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
Дагы үч киши ооруканага түшкөн, алардын жарандыгы такталып жатканы айтылды.
Элчилик каза болгондордун саны 16, анын 14ү кыргызстандыктар экенин билдирди. Ал эми калган эки адам тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Элчиликтен учурда трагедия болгон жерге КРдин Россиядагы элчилигиндеги консулдуктун кызматкерлери чыгып кеткенин кабарлашты.
Элчилик каза тапкан, жарадар болгон кыргызстандыктардын жакындары үчүн +7 (926) 861 50 98 номерлүү түз байланыш телефонун уюштурду.
ТИМде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) номерлери түз байланышуу үчүн ачылды.
Буга чейинки кабарларда алардын казакстандыктар экени айтылып, бирок Казакстан ТИМинин расмий өкүлү маалыматты төгүндөгөн.
Алдын ала берилген маалыматтарда трагедия бүгүн, 21-августта, жергиликтүү саат 14:00 ченде Николаевск районунда М-5 "Урал" трассасында болгон.
Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу токтото албай калып, оңдолуп жаткан жолдо өтүү үчүн кезегин күтүп токтоп турган микроавтобусту келип сүзгөн. Маршрутканын алдында да жүк ташуучу ири автоунаа болгону, ичинде жүргүнчүлөрү бар бус эки фуранын ортосунда калып, кишилердин көз жумганы айтылган.
Москва: канализацияда каза тапкан кыргызстандыктар 20 жана 23 жашта болгон