Ошто эң узун делген Курманжан датка көчөсүндө тротуар салына баштады

Учурда 18 көчөнүн боюндагы 26 чакырым тротуарда иш жүрүп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ош шаарында эң узун делген Курманжан датка көчөсүндөгү тротуарды реконструкциялоо башталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Ош шаарында эң узун делген Курманжан датка көчөсүндөгү тротуарды реконструкциялоо башталды

2 / 3

Мында жасалуучу тротуардын узундугу 5,5 чакырым, туурасы үч метр болот. Аталган иштер жылдын аягында бүткөрүлөрү пландалууда.

3 / 3

Быйыл калаада 38 көчөнүн тротуарларын реконструкциялоо пландалганы белгиленди.

Мында жасалуучу тротуардын узундугу 5,5 чакырым, туурасы үч метр болот. Аталган иштер жылдын аягында бүткөрүлмөкчү.
Быйыл калаада 38 көчөнүн тротуарларын реконструкциялоо пландалганы белгиленди. Учурда 18 көчөнүн боюндагы 26 чакырым тротуарда иш жүрүп жатат. Бардык жумуштар ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүлөрү айтылды.
Ош мэриясы жол оңдоочу атайын техникаларды сатып алды. Сүрөт