Ошто күн 34 градуска чейин ысыйт. Бир жумага карата аба ырайы

22-августтан апта аяктаганга чейин дубандын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөй тургандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттигинин божомолу боюнча, алдыдагы аптада Ош облусунда күн ысык болот.
22-августтан апта аяктаганга чейин дубандын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы 29...34 градуска чейин ысышы ыктымал. Ош шаарында да күн ачык болот. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында күндүз жамгыр себелеп турушу мүмкүн.
Жайдын соңку күндөрү кандай болот? Келе жаткан аптага аба ырайы