Сузактын бир нече айылында жер силкинди

ӨКМдин маалыматында жер титирөөдөн жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Жер титирөө бүгүн саат 04:10дө болгон.
Ал Сузак районунун Калмак-Кырчын, Саты, Урумбаш, Таран-Базар, Жоон-Күнгөй жана Канжыга айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жок экендигин билдирди.
Нөшөрлөп жаан жаап, тоолорго кар түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты