Кыргызстандыктар катышкан танк биатлону. Видео

Танк биатлону Подмосковьедеги "Алабино" полигонунда өтүп жатат. Бул Армия оюндарынын (АрМИ) бир бөлүгү.
Sputnik
Биатлонго Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынан да катышууда.
Россия, Беларусь, Кытай аскерлери менен бир топто кыргызстандык жоокерлер да күч сынашууда. Булар күчтүүлөр таймашкан тайпа. Кыргызстандын командасы биринчи дивизионго алгачкы ирет чыгып жатат. Өткөн жылы экинчи дивизиондо күч сынашып, ийгилик жараткан.