Танк биатлонунда ат салышкан кыргызстандык аскерлер. Полигондогу 12 сүрөт

Подмосковьедеги "Алабино" полигонунда Танк биатлону өтүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга кызыктуу беттештин сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Кыргызстандыктар Россия, Беларусь жана Кытайдын аскерлери менен бир тайпада. Булар тажрыйбасы көп, күчтүү командалар болуп саналат. Кыргызстандын курама командасы биринчи дивизионго алгачкы жолу катышып жатат. Мыкты дивизионго аскерлер былтыркы жылдагы көрсөткүчүнөн кийин өтүшкөн.
Биринчи дивизиондо Азербайжан, Беларусь, Венесуэла, Вьетнам, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Россия жана Өзбекстан бар. Ал эми Абхазия, Армения, Иран, Зимбабве, Лаос, Мали, Мьянма, Сирия, Судан, Тажикстан жана Түштүк Осетия экинчиде.
Танк биатлону — Армия оюндарынын бир бөлүгү. Sputnik "АрМИ-2022" спорттук иш-чарасынын эл аралык маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.
1 / 12

Танк биатлону боюнча 2022-жылдын чемпионаты 13-августта башталган. Спорттук иш-чара 27-августка чейин уланат. Сүрөттө Кыргызстандын аскерлеринин Т-72Б3 танкы.

2 / 12

Мелдеш Подмосковьедеги "Алабино" полигонунда өтүп жатат. Өлкө байрагын көтөргөн кыргыз аскерлери.

3 / 12

Айыгышкан беттеште намыс талашкан жигиттер

4 / 12

Жарышка катышкан Т-72Б3 танкасы

5 / 12

Кыргызстандын курама командасы биринчи дивизионго алгачкы жолу катышууда

6 / 12

Мыкты дивизионго аскерлер былтыркы жылдагы жакшы көрсөткүчүнөн кийин өтүшкөн

7 / 12

Россия менен Кыргызстандын танкалары

8 / 12

Ал эми бул Кытай аскерлеринин Type-96B танкасы

9 / 12

Баса, Кыргызстандын аскерлери Россия, Беларусь жана Кытайдын аскерлери менен бир тайпада. Сүрөттөгү Беларустун аскердик техникасы

10 / 12

Биринчи дивизиондо Азербайжан, Беларусь, Венесуэла, Вьетнам, Казакстан, Кытай, Монголия, Россия жана Өзбекстан бар. Кыргызстан алардын катарында.

11 / 12

Аскердик техникаларды сүрөткө тартып жаткан кыз

12 / 12

Танк биатлону — Армия оюндарынын өзгөчө орунда турган бир бөлүгү