Дарыгер кош бойлуулукту жеңилдетчү мөмөнү атады

Бул жемиш авитаминоз жана гиповитаминоз менен күрөшүүгө жардам берет. Бирок гастрити жана аллергиясы бар адамдар абайлап жеши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бүлдүркөн көптөгөн пайдалуу касиеттерге ээ жана кош бойлуу кезде организмге жакшы жардам берет. Бул тууралуу диетолог Елена Соломатинага шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
"Бул жемиште Е витамини көп. Ал түйүлдүктү көтөрүп жүрүүдө жана төрөт учурунда абдан зарыл. Мындан тышкары, бүлдүркөн денени ашыкча суюктуктан жана токсиндерден арылтуучу клетчаткага бай", — деди адис.
Ошондой эле ал авитаминоз жана гиповитаминоз менен күрөшүүгө жардам берет. Бирок гастрити жана аллергиясы бар адамдар абайлап жеши керек.
Бойдон түшүп калуу алдыдагы инсульттун белгиси болушу мүмкүн