"Кыргыл" деген сөз бир нече мааниде колдонулат. Бирөөсү "Манас" эпосундагы каармандын ысымы. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, анткен менен Кыргыл чалдын ысымы эмнени түшүндүрөт, көптөр биле бербейт.
"Манас эпосунда "кыргыл" деген сөз кездешет. Адатта бул сөз Кыргыл чал деген эпостогу каарманды эске салат. Ал бала кезден Манас менен бирге чоңойгон, ошол эле учурда кутум уюштурууда адистешип калган адам. Анткен менен анын ысымы эмнени түшүндүрөрүн көптөр биле бербейт. Бул сөздүн эки мааниси бар. Биринчиси, бозомтук, башкача айтканда, сакал-мурутка ак аралап калган абалды сүрөттөйт. Экинчи өтмө мааниде таштуу аска, учуктуу таш дегенди билдирет. Кыргызда "атына заты жарашып" деп айтылат. Анын сыңары, эпостогу Кыргыл чалдын курч, өткүрлүгү айрым учурда ашынып кеткенин дагы түшүнсөк болот", ؙ- деди Талантбеков.
Ошондой эле ал "Манасты" урпактарга өткөрүп берүү азыркылардын милдети экенин кошумчалады.