Келинине болушкан кайнене уулуна ачууланып полиция чакырган. Казакстандагы окуя

Улгайган аял уул-келининин үйүндөгү чыры тууралуу угары менен полиция чакырткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Казакстанда келинчегине кол көтөргөн кишинин апасы укук коргоо органдарына өзү чалып, баласы менен сүйлөшүп коюуну суранган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Окуя Казакстандын Павлодар шаарында болгон. Анда полиция кызматына улгайган аял кайрылып, уулу үйүнө чыр салып жубайына кол көтөргөнүн маалымдаган. Токмок жегени тууралуу ага келини айткан.
"Тартип сакчылары айтылган дарекке келгенде үй ээси жарын урганын мойнуна алган. Көп өтпөй ал жерге келинин сооротуп үйүнө алып кетиш үчүн кишинин апасы келген. Аял полиция кызматкерлерине уулу менен сүйлөшүп коюуну өтүнгөн", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта укук коргоо органдары жубайына кол көтөргөн кишиге эскертүү иретинде административдик протокол түзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кеткени айтылган.
Кайната-кайненемдин ичкени жаныма батты. Келиндин каты