Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын клиби чыкты. Ага кыргыз кызы тартылган

Азиза Сыртбаева клипте Япония мамлекетин тааныштырган. Ал учурда Катарда жашайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Футбол боюнча эл аралык федерация (FIFA) 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын клибин сунуштады. Ага кыргызстандык Азиза Сыртбаева да тартылган.
Клиптеги Arhbo чыгармасын пуэрториколук музыкант Ozuna менен франциялык рэпер Gims аткарышкан. Алар англис, француз жана испан тилдеринде ырдашкан.
Клипте кыздар, балдар дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө катыша турчу курама командаларды көрсөтөт. Алардын беттерине курама командалардын мамлекеттеринин желектери тартылган.
Азиза Сыртбаева клипте Япония мамлекетин тааныштырган. Клипке тартылуу сунушун Катардагылар киргизген. Белгилей кетсек, ал учурда Катарда жашайт.
Радио
Усеналиев: кыргыз футболунун премьер-лигасында атаандаштык күчөп калды