Европага качып барган украиналыктар кайра артка кетүүнү көздөөдө

БУУнун маалыматы боюнча, 24-февралдан бери Украинанын чек арасынан 10,5 миллиондон ашык адам өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Испанияга келген Украинанын качкындары экономикалык көйгөйгө байланыштуу мекенине кайтууга аргасыз болууда. Бул тууралуу РИА Новости L'Indépendant газетасына шилтеме берип жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Испанияга 125 миң украиналык келген.
"Бирок украиналыктардын көбү артка кайтууну туура көрүүдө. Көнүп кетүү алар үчүн оор болууда. Айлык акы өтө төмөн, ал эми жашоо кымбат", — деп жазган газета.
Азыр Гранада шаарында 100дөй украиналык үй-бүлө экономикалык себептерден улам мекенине кетүүнү пландаганын, алардын абалына бийлик көңүл бурбагандай мамиле кылып жатканы айтылат.
Газета 42 жаштагы украиналык Юрий Блаженецтин окуясын мисал келтирген.
"Мен бул жакта жашап кете албайм. Тапкан акча батир акысын төлөп, тамак сатып алганга араң жетет", — деген ал.
Украиналык качкындардын жайгашышы Европанын бир катар мамлекеттеринде маселе жаратып жатканы белгиленет. Мисалы, каражаттын айынан франциялык үй-бүлөлөр мурдагыдай өздөрүнө качкындарды батырып алуудан баш тартууда, ал эми Италияда Украинадан келгендерди ачык эле кубалап жатышат.
БУУнун 9-августка карата маалыматы боюнча, 24-февралдан бери Украинанын чек арасынан 10,5 миллиондон ашык адам өткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык тарыхчы АКШнын Украинадагы чыныгы максатын атады