Бишкекте чет элдик киши милициянын кызматкерин сабаган дешти. Иш тергелүүдө

Казак жаранынын энеси да милицияга кайрылып, уулун сабаган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкекте милиция кызматкерине кол салган казак жараны кармалып, Ленин райондук соту тарабынан кайра үй камагына чыгарылды. Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
17-августта саат 14:46 чамасында милицияга Жаш Гвардия проспектинде укук коргоо органынын кызматкерин белгисиз адам сабап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факт Ленин райондук ИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
"Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында 17-августта К.А. аттуу казак жараны Жаш Гвардия жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерине баш ийбей, ага кол көтөргөнү такталган. Милициянын кызматкери Улуттук госпиталга кайрылып, мээси чайкалып, мурду сынганы аныкталган. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча иш козголгон", — деп айтылат маалыматта.
Укук коргоо органынын өкүлүн сабады делген К.А. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк Ленин райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарганы маалым болду.
"17-августта Ленин РИИБине К.А. аттуу шектүүнүн апасы кайрылып, Жаш Гвардия проспектинде уулун сабаган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Милиция кызматкерине да, казак жаранына да тиешелүү экспертиза дайындалды", — деп жазылат билдирмеде.
Аталган кылмыш иши 18-августта Ленин райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Учурда тергөө уланууда.
ӨКМдин сабалган жоокери боюнча кылмыш иши токтотулду. Себеби