Америкалыктар жаңы жарандык согуш коркунучунан кооптонууда

Сурамжылоодо америкалыктардын жарымы жакынкы жылдары жарандык согуш болот деп божомолдошкон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. АКШда саясий институттарга ишенбегендердин саны өсүүдө. Бул өлкө жаңы ички чыр-чатактын босогосунда турат дегенди түшүндүрүшү ыктымал. Мындай макала Британиянын The Guardian басылмасына жарыяланганын РИА Новости билдирди.
Басылма Калифорниядагы курал колдонуу менен зордук-зомбулукту изилдеген борбордун негиздөөчүсү, доктор Гарен Уинтемут Америкадагы жарандык согуш тууралуу эскертүүлөргө мыйыгынан жылмайып, аны олуттуу кабыл албай келгендигин жазды.
Бирок июлда жүргүзүлгөн сурамжылоо адисти таң калтырган. Маалым болгондой, америкалыктардын жарымы жакынкы жылдары жарандык согуш болот деп божомолдошкон. Айрымдары демократиядан көрө күчтүү лидердин болгону маанилүү деп жооп беришкен.
Изилдөөчүнүн өзүнүн ою боюнча, курал сатуу өсө баштагандыктан зомбулук коркунучу тереңдеп баратат.
Жарандык чыр-чатак боюнча адис Рэйчел Кляйнфельддин айтымында, АКШдагы саясий система өлкөдө чыр-чатак болбосуна кепилдик бере албайт.
"Эгер биздин институттар алсыз боло баштаса, тарых башка нукка бурулушу ыктымал", — деген ал.
Кляйнфельд сурамжылоонун жыйынтыгы аны кооптондурганын кошумчалаган.
"Беш миллиондой адам саясий ишеними үчүн бири-бирине зыян келтириши мүмкүн экенин көрүп жатасыңар. АКШ тургундары биздин демократияга нааразы жана анын иштеп жатканына ишенбейт", — деген ал.
Өткөн аптада Fox News телеканалы өз сурамжылоосуна таянып АКШ тургундарынын төрттөн үч бөлүгү өлкөдөгү абалга нааразы экенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык тарыхчы АКШнын Украинадагы чыныгы максатын атады