БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Афганистандын чыгышындагы Логар провинциясындагы Хуши районунда суу ташкындап 20 киши көз жумуп, 30 адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Аймактын коопсуздук башкармалыгынын маалыматында селдин кесепетинен 3 000ден ашуун үй жарым-жартылай же толугу менен талкаланган.
Жуманын башында Афганистандын борбордук бөлүгүндөгү Парван провинциясындагы суу ташкында кеминде 31 адам каза болуп, 17 киши жаракат алганы айтылган. Ошондой эле 100дөй адамдын дайынсыз жоголгону кабарланган.