БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү, 22-августта, Бишкектин бир катар бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул туурасында "Чүй электр тармактары" ишканасынан билдиришти.
Энергетиктер кабелдерди тартып, жабдууларды оңдоп-түздөп жана башка зарыл болгон иштерди жасашарын айтышты.
Электр энергиясы төмөнкү жерлерде өчүрүлөт:
9:00 - 17:00 — Исанов, Алты-Бакан, Курманжан датка, Таттыбүбү, Профессор Зима, Кудрук, Шорин, Кулиев, Гагарин, Хоперская, Купянская, Иваницын, Павлов көчөлөрүнүн тилкесинде, Манас проспектинин бир бөлүгүндө, Мрамор, Долон чолок көчөлөрүндө. Төртүнчү кичи райондогу №7, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №195, Чокморов көчөсүндөгү №254 үйдө болбойт;
9:30 - 12:00 — Славян көчөсүнүн бир бөлүгүндө, Печерский, Чуваш, Кузнечный чолок көчөлөрүндө;
9:30 - 18:00 — Керамика, Широкая, Фирсов, Элебесов көчөлөрүнүн тилкелеринде, Малдыбаев (№1, 1/2 үй) көчөсүндө жана айнек заводунун аймагында;
12:00 - 16:00 — Буденный, Рязань жана Парк көчөлөрүндө;
15:00 - 18:00 — Курманжан датка, Волхов көчөлөрүнүн тилекесинде жана Рыбинский чолок көчөсүндө.