22-августка карата аба ырайы

Синоптиктер 22-августта Кыргызстанда ысыктын максималдуу көрсөткүчү 32 градуска чейин чыгарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Ош, Баткен жана Ысык-Көлдүн бийик тоолуу райондорунда жамгыр жаашы мүмкүн. Калган облустарда жана дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Талас аймагында жана Нарын жергесинде +21...+26, Ысык-Көл чөлкөмүндө +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +23...+25, Ошто +30...+32 жана Чолпон-Ата шаарында +20...+22 градуска жетет.
Ысык-Көлдө жамгыр жаайбы? Алдыдагы аптага карата аба ырайы