Аскер институтундагы 19 жаштагы жоокердин өлүмүнө шектелип прапорщик кармалды

18-августта кечинде 19 жаштагы жоокер кароолдо турган кезинде өзүн-өзү атып алганы кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Аскер институтунда кызмат өтөп жаткан жоокердин өлүмүнө шектелип кароол кызматынын жетекчиси кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү") жана 394-беренеси ("Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу") менен иш козгогон.
"Кылмышка шектүү катары кароол кызматынын жетекчиси, прапорщик А.К. кармалды. Ал Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди", — деди Камолдинов.
Эске салсак, 18-августта кечинде Бишкектеги Аскер институтунда кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы жоокер кароолдо турган кезинде өзүн-өзү атып алганы кабарланган. Ал Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакыртылган.
Өзүн атып алган. Кой-Таштагы аскер бөлүктө бир жоокер каза тапты