Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Батышты бул кышта энергетикалык апаат күтүп турат

Буга чейин The Hill гезити Европанын ойлонулбаган кадамдары быйылкы кышта жүз миңдеген адам өлүмүнө алып келиши мүмкүн деп жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Батыш Россия газынын жетишсиздигинен улам энергетикалык апаат алдында турат. Бул тууралуу Кембридж университетинин саясий экономика боюнча профессору Хелен Томпсондун Financial Times гезитине жазган макаласына шилтеме берип РИА Новости билдирди.

"Кышында Батыш өлкөлөрү оор дилеммага туш болушат. Алар тез арада катастрофалык масштабдагы энергетикалык кризистин зыянын азайтуунун жолун табышы керек. Ал эми Азиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын кээ бир өлкөлөрү азыртан эле экономикалык жана саясий көйгөйлөргө батып кетти", — деп жазат басылма.

Автордун айтымында, азыркы кырдаалдын өзөгүндө эки көйгөй бар. Биринчиден, Батыштын дүйнөлүк экономиканын өсүшү үчүн барган сайын көбүрөөк энергетикалык ресурс керек экенине көңүл бурбай жатканы. Экинчиден, казылып алынуучу отундан башка энергия булактарына өтүүгө эч кимдин шашылбай жатканы.
Буга чейин The Hill гезити Европанын ойлонулбаган кадамдары быйылкы кышта жүз миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн деп жазган.
Баса, "Газпром" ушул аптада Европада кышында газдын баасы 1 000 куб метрине 4 000 доллардын чегинен ашып кетиши мүмкүн деп болжолдоду. Азыр биржаларда чийки заттын баасы 2,5 миң доллардан ашып жатат.
Эске салсак, Россия газынын экспорту Украинадагы атайын операция башталгандан кийин төмөндөгөн. "Түндүк агым" жана Украинанын газ ташуу системасы аркылуу жеткирүү кыйла азайып, Ямал — Европа жолу аркылуу ташуу таптакыр токтоду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ БУУнун Коопсуздук кеңешине Киевдин чагымчылыгы боюнча кат жолдоду