Жапаров санариптешпеген аткаминерлерди 2-сентябрда кызматтан кетирерин эскертти

14 мекеме санариптештирүү жумуштары боюнча отчет берген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров санариптештирүү саясатына кайдыгер караган министрликтерге жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине эскертүү берди.
Мамлекет башчы бардык органдарды санарипке өткөрүү тапшырмасы коюлганын белгиледи. Ал жарыялаган таблицада 14 мекеме санариптештирүү жумуштары боюнча отчет берген эмес. Калган тогузу тапшырманы аткарып жатканын көрүүгө болот.
“Жарым жыл өттү. Кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелерди “коррупциялашкан, мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз" дегендер деп билебиз”, — деди Жапаров.
Президент буга чейин да "1-июлдан баштап кагаз алып бербейбиз" деген милдет коюлганын, бирок көпчүлүк министрликтер, агенттиктер, борбордук органдар электрондук өкмөткө өтө албай жатканын айткан болчу.
Жапаров: "крыша болуу" деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз