Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: нацизмге каршы күрөш эч кылчаюусуз жүрүшү керек

Шойгу нацизмди реабилитациялоо жана жайылтуу мыйзамга жана адеп-ахлакка туура келбесин айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Нацизмдин ар кандай көрүнүштөрүнө каршы күрөш компромисстүү жана ар тараптуу болушу керек. Мындай пикирин РФтин коргоо министри Сергей Шойгу Эл аралык антифашисттик конгрессте сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

"Нацизмди реабилитациялоо жана жайылтуу, нацисттик кылмышкерлерди даңазалоо аракеттери мыйзамга жана адеп-ахлакка туура келбейт. Бул дүйнөнү нацизмден бошоткондордун элесине карата акарат болуп саналат", — деди министр.

Россиянын коргоо министри дагы эмне деди:
Эл аралык антифашисттик конгресс — бул радикалдуу идеологияны жок кылууда ар түрдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү жолундагы маанилүү кадам;
1930-жылдары Испания, Португалия, Румыния, Хорватия сыяктуу мамлекеттерде фашисттик диктатордук режимдер орногон. Анын эң радикалдуу жана агрессивдүү түрү немец нацизми болгон. Экинчи дүйнөлүк согушка алып келген негизги факторлордун бири англо-америкалык жана нацисттик бизнес-чөйрөлөрдүн кызматташтыгы эле;
бүгүнкү күндө Эстония менен Латвияда СС легионерлеринин марштары салтка айланган. Согуш кылмышкерлерине эстеликтер тургузулган. Литванын шаарларынын көчөлөрүндө фашисттик ураандар жана чакырыктар ачык айтыла берет;
Расмий Киев өзүн кандуу украин улутчулдарынын мураскери деп ачык жарыялады. СССР кулагандан кийин Вашингтон Украинаны Россияга каршы пайдалануу үчүн баарын жасады. Орус тилине, орус маалымат каражаттарына, орус маданиятына тыюу салган мыйзамдарды пропагандалоо кубатталды;
Украинада көптөр, анын ичинде Донбасстын жашоочулары да мындай саясатты кабыл алышкан эмес. Анан аларга каршы катаал жазалоо операциясы башталган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык тарыхчы АКШнын Украинадагы чыныгы максатын атады