БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Россиянын экономикасы Батыш өлкөлөрү киргизген санкцияларга майтарылып калбайт экен, мындай жагдай чектөө чараларынын майнаптуулугун ойлонуп чыгууга мажбурлап жатат. Бул туурасында баяндамачы Марк Эпископос The National Interest журналына жазганын РИА Новости билдирди.
Автордун айтымында, Россиянын экономикалык системасынын ийгилиги төрт маанилүү факторго негизделген. Биринчисин ал Борбордук банктын АКШ менен ЕБдин финансылык чектөөлөрүнөн рублди коргоого багытталган олуттуу кадамдарын атады. Рубль март айында АКШ президенти Жо Байден убадалагандай "керексиз кагазга" айланып калган жок. Тескерисинче, дүйнөдөгү эң күчтүү валюталардын бири боло алды.
Андан кийин санкциялардын мизин кайтарууга "параллель импорт" системасы маанилүү роль ойноду деп сыпаттаган.
"Levi's жынсыларынан iPhone телефонуна чейинки жөнөкөй жана элиталык товарлар мурдагыдай эле соода түйүндөрүндө сатылууда. Болбосо аны өндүрүүчүлөр россиялык рынокко түз жөнөтпөйт", — деп белгилеген автор.
Ошондой эле баяндамачы көп өлкөлөр, анын ичинде ири державалар Батыштын санкцияларына кошулуудан баш тартып, Вашингтон жана Брюсселдин Россия менен экономикалык байланышты үзүү шартына макул болбой коюшу айласын кетирди деп эсептейт.
"Дүйнөдөгү ири экономикалык державалар Вашингтон жетектеген санкциялар режиминен баш тартуу менен эле тим болбой, Москва менен соода жана финансылык байланыштарын тереңдетүүдө. Индия да, Кытай да соңку жарым жылдыкта Россиядан мунайзат импорттоону көбөйттү", — деп айткан автор.
Төртүнчү себебин Эпископос "натыйжа бербеген санкциялар системасы ойлонулбаган кадам" деп сыпаттады. Ал белгилегендей, чектөө чараларынын кесепетин Россияга караганда Европа өлкөлөрү көбүрөөк тартып жатат. Мындай жагдай антироссиялык коалициянын ыдырашына алып келет.
"Европалыктарга электр энергиясы жана жылуулук төлөмдөрү өсүп эле баратат. Себеби Евробиримдиктин Россиянын мунайзатын импорттоодон баш тартуу боюнча ойлонулбаган планы энергетикалык кризис жаратып, аткаминерлери кырдаалды жайгарууга болгон күчүн жумшап жатышат. Германия кризистин акыркы чегине жакындап калды, мындай тенденция өлкөнү Батыштын Россия экономикасына сокку уруу фронтунан четке чыгарышы ыктымал", — деп жазган Эпископос.
Эскерте кетсек, февраль айынын соңунда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштагандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялардын бир нече пакетин кабыл алган. Көп мамлекеттер россиялык активдерди иштетпей эсептерди жаап, айрымдары Москванын энергоресурстарынан баш тартууга чакырышты. Мындай кадам Батыштын өзүнө да олуттуу зыян келтирди, инфляция өсүп, азык-түлүк, отун катары пайдаланылган продукциялар кымбаттады.
Президент Владимир Путин Россияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасынын шайын бир топ эле оодарып койгондугун эскерткен. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун начарлатуу.