Сенатор Пушков Европаны ара жолго таштоону көздөгөн Канада премьерин сынга алды

“Түндүк агымдын” токтоп калуу коркунучунун фонунда Европада газдын баасы асман чапчып келе жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун Оттава быйыл кышында Европага газ жеткирүү боюнча олуттуу колдоо көрсөтө албастыгын моюндады. Көп өтпөй РФ сенатору Алексей Пушковдун бул тууралуу пикирин РИА Новости жарып чыкты.
Трюдо билдиргендей, Канада Евробиримдикке "келе жаткан кышкы кыйынчылыктарды чечүүгө олуттуу жардам бере албайт”.
"Чоң жетиликтин” ири өлкөлөрүнүн бири кышкы кризисте европалык өнөктөштөрүн ара жолго таштоого даярданып жатат. Болгондо дагы Трюдо, Батыш дүйнөсүнүн расмий лидерлеринин бири!" — деди Пушков.
Анын айтымында, бир кезде Вашингтон бардык жагынан алсыз Канаданы G7 биримдигине “арткы эшиктен” сүйрөп кирген. Буга европалыктар унчукпастан макул болгон.
“Көрсө, бекер кылышыптыр. Анысы эми билинип жатпайбы”, — деди сенатор.
“Түндүк агымдын” токтоп калуу коркунучунун фонунда Европада газдын баасы асман чапчып келе жатат. Мисалы, жума күнү кечинде газ фьючерстеринде март айынан бери биринчи жолу миң куб метрине баа 2 700 доллардан ашты. Европа рыногу газдын тартыштыгына кабылууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батышты бул кышта энергетикалык апаат күтүп турат