Баланын мектепке даяр экенин кантип билсе болот? Психологдун жообу

Адистин айтымында, 1-класска киргизерден мурда баланын мотивациясын, эркин байкап, коммуникативдик, эмоционалдык жана таанып-билүүчүлүк жактарына көңүл буруу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Баланын мектепке барууга психологиялык жактан даяр экенин кантип аныктаса болот? РИА Новости агенттигинин мындай суроосуна Москванын Саламаттык сактоо департаментинин адиси, психолог Мария Ермакова жооп берди.
Адистин айтымында, 1-класска киргизерден мурда баланын мотивациясын, эркин байкап, коммуникативдик, эмоционалдык жана таанып-билүүчүлүк жактарына көңүл буруу зарыл.
Андан соң психолог ар бир түшүнүккө кыскача токтолду:
мотивация — балада ата-энеси айткан үчүн гана эмес, мектепке барууга, жаңы нерселерди үйрөнүүгө өз алдынча каалоо пайда болушу керек. Ал үчүн үйдөгүлөр акырындык менен мектеп тууралуу айтып турушу зарыл. Башкача айтканда, балада мектептин реалдуу, бирок позитивдүү образын калыптандыруу керек;
эрк — баланын өз ыктыяры менен мугалимдин айтканын аткарып, оюнга алаксыбай, эрежелерге баш ийүүгө даяр болушу;
коммуникация — классташ, мугалимдер менен мамиле түзүп, карым-катыш, алакада болуу;
эмоционалдык даярдык — баланын нормалардын чегинде эмоцияларын билдирүүсү. Ошондой эле башкалардын эмоционалдык абалын таанып, ошого жараша иш кылуусу;
таанып-билүүчүлүк — баланын талдоо, жалпылоо, салыштыруу, ойлонуу мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле иш-аракет менен натыйжанын байланышын түшүнүүсү.
Психологдун пикиринде, ушул нерселердин бардыгы бирдей өнүккөн учурда гана баланы мектепке барууга психологиялык жактан даяр деп айтса болот. Андай болбосо, адиске кайрылуу зарыл. Психолог кандай жетишпестик болуп жатканын аныктаган соң, кууп жетүү жолдорун айтат. Мисалы, көп нерсени балага сюжеттик оюндар аркылуу үйрөтсө болот. Анткени бала ойноп жатып эле ар ким менен мамиле түзүү, көйгөйлүү маселени чечүү, кезек күтүү, максатка жетүү сыяктуу нерселерди үйрөнүп алат.
Министрлик мектеп формасы кандай болорун ийне-жибине чейин түшүндүрдү. Видео