БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ош шаарында мас болуп алып көчөдө чыр салган милиционер 500 миң сом айыпка жыгылып, мамлекетке төлөп бермей болду. Мындай өкүм Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган.
Белгилей кетсек, быйыл 17-майда квас саткан жерде баса албай турган милиционердин жай тургундар менен урушуп жаткан видеосу тараган. Анын ичимдик ичкени аныкталып, эртеси милициянын кадыр-баркына доо кетирип кызматтык жана коомдук тартипти бузгандыгы үчүн жумушунан алынган.
Соттогу маалыматка ылайык, 37 жаштагы М.Т.Б. Ош шаардык милициясында нөөмөтчүнүн жардамчысы болуп иштеп жүргөн. Окуядан кийин наркологияга алып барганда мас экени аныкталган. Бирок тергөөдө ал ичимдик ичкенин мойнуна алган эмес.
"Нөөмөттөн чыгып үйгө барып, башым ооругандыктан карабай эле бир дарыны ичип алыптырмын. Андан кийин өзүмө келсем Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө экенмин", — деп айткан айыпкер.
Натыйжада Ош шаардык соту мурдагы милиционерди Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси ("Бийликтен аша чабуу") боюнча күнөөлүү деп таап, 500 миң сом айып салуу менен өкүм чыгарды.
Андан тышкары, мамлекеттин пайдасына 2 500 сом процесстик чыгымды төлөөгө милдеттендирген.