Фейк-аккаунт ачып экстремизмди жайылтып жүргөн деп 22 жаштагы жаран кармалды

Шектүү атайын даярдалган бир нече фейк-аккаунтту иштетип жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ноокат районунда социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул туурасында Ош облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы А. А. социалдык тармактарда атайын даярдалган фейк-аккаунттарды иштетип жүргөн. Ал баракчалар аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдарга тийиштүү аудио жана видеороликтерди пропагандалап жана жайылтып жүргөндүгү аныкталган.
Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Ноокат РИИБдин маалыматтык журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Ноокат райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камалды