БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Нарын жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына тестирлөө өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Бүгүн, 20-августта, Нарын мамлекеттик университетинде өткөн мектеп директорлорун тандоо сынагына 76 адам катышкан. Жыйынтыгында 30 талапкер босого баллдын чегинде жана андан жогору упай топтой алган.
"Алгач тестке катышуу үчүн 110 талапкер документ жөнөткөн. Бирок алардын 30унун документи жараксыз деп табылып, төрт киши сынакка келген эмес", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча аталган сынакка катышуу үчүн 208 талапкер документ жиберген. Алардын 60ынын документи жараксыз деп табылып, эки киши тестирлөөгө келген эмес.
"Тестке 146 адам катышып, жыйынтыгында 61 талапкер босого баллдын чегинен жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 42 пайызын түздү", — дешти министрликтен.
Директорлукка Нарын облусу боюнча 35, ал эми Ысык-Көл облусу боюнча 85 бош орун бар экендиги белгиленди.