БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бул жылы Кыргызстандын 40тан ашык жараны чет мамлекеттердин аскердик жогорку окуу жайларына тапшырды. Алар Россия, Казакстан жана Азербайжанда билим алышарын КР Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн алар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде ант беришти. Салтанатка Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.
Буга чейин курсанттар медициналык кароодон өтүп, дене тарбия нормаларын, ошондой эле предметтик жана психологиялык тесттерди тапшырышкан.