БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 298 миң адамга 17,4 миллиард сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Кредит алган жарандардын саны 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 31 миңге жана суммасы 300 миллион сомго азайган.
Быйылкы кредиттер төмөнкүдөй максатта берилген:
Керектөө муктаждыктарына — 42 пайыз;
Айыл чарба иштерин өнүктүрүүгө — 28;
Соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө — 12;
Курулушка — 6.
Насыялардын басымдуу бөлүгүн Бишкек шаарынын (18,5 пайыз), Ош (18 пайыз), Чүй (16 пайыз) жана Жалал-Абад облустарынын (14 пайыз) тургундары алган.