БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, ЕЭК кеңешинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүп, анда 28 маселе каралды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Төмөндө эң маанилүү чечимдер:
биринчилерден болуп медициналык буюмдарды колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша алардын сапатын кароо системасын ишке ашырууга, тейлөөгө жана баалоого карата талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды;
фармацевтикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды. Бул өзгөртүү мүчө-мамлекеттердин инспекторлору тарабынан фармацевтикалык текшерүүлөрдүн натыйжаларын толук салыштырууга мүмкүндүк берет;
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин унаа жолдорунда жүрүүдө транспорттук каражаттардын уруксат берилген массасы, октук жүгү жана габарити жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды. Макулдашуунун долбоору жүк ташуу шарттарын шайкеш келтирип, учурдагы чектөөлөрдү жокко чыгарат;
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аккредитациялоо органдары тарабынан өз ара баалоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө чечим кабыл алынды. Ал мүчө-мамлекеттерде аккредитациялоо органдары тарабынан колдонулган жол-жоболорго ишенимди жогорулатууга мүмкүндүк берет;
ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоорун даярдоонун жүрүшү боюнча маалымат берилди;
ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумун өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө баяндама окулду.
Жыйынтыгында ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйынын ушу жылдын сентябрь айында Москва шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.