Хорватияда кармалган эки кыргызстандык. Элчилик бийлик өкүлдөрү менен сүйлөштү

Мекендештердин иши элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Хорватияда Кыргызстандын эки жаранынын кармалышы боюнча тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Загреб шаарында полиция эки кыргызстандыкты кармаган. Мындан улам Австриядагы элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери иштин чоо-жайын тактоо жана консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн аталган калаага жөнөтүлгөн.
Дипломат барып мекендештер менен кезиккен. Ошондой эле Хорватиянын Тышкы иштер министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, облустук соттун жана түрмөнүн жооптуу кызматкерлери менен жолуккан.
Учурда Кыргызстандын Австриядагы элчилиги Хорватиянын тийиштүү органдары, мекендештердин туугандары жана адвокаты менен тыгыз байланышта. Маселе өзгөчө көзөмөлдө турганы белгиленди.
Буга чейин ЖМК жана соцтармактарга кыргызстандыктар мыйзамсыз жүргөн мигранттарды ташууга шектелип кармалды деген маалымат тараган.
Сот Ошто мас болуп чыр салган милиционерди 500 миң сом айыпка жыкты